Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токтогул шаардык кеңешинин «Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2015-жылдын 19-июну № 48
Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, чечими Токтогул шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясына сунушталган. Жыйынтыгында, 18.06.2015-жылдагы туруктуу комиссиянын чечимин жана башка депутаттардын сунуштарын, ой-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде, туруктуу комиссиянын 18.06.2015-жылдагы чечими жактырылсын жана ага ылайык:
- Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин (Тиркеме 1);
- Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин (Тиркеме 2);
2. Мындан ары Токтогул шаарында көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жогоруда бекитилген Жоболордун ( Тиркеме 1, Тиркеме 2) талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Мыктаровго тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы
К. Дербишев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Токтогул шаарынын көчөлөрүнө, парктарга (эс алуучу жайларга), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо (Токтогул шаардык кеңешинин 2015-жылдын…Положение · 19.06.2015 · № 48
- Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27 июнундагы № 17 "Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга)…Постановление · 27.06.2024 · № 17
- “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо (Токтогул шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 48 токтому менен бекитилген)Постановление · 19.06.2015 · № 48