Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Актатыр айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 4 Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Актатыр айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кенешинин алдында түзүлгөн “Актатыр айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Актатыр айылдык ден соолук комитети” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Коомдук бирикме Юридикалык дареги: Актатыр айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Отунчиева Динара Эсенбековна
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Актатыр айылдык ден соолук комитети” жамаатына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:
А.Ж Бөдөнбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О жамаатах (общинах) и их объединениях»Закон · 21.02.2005 · № 36