Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 3 Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки”участкасына айыл статусун берүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 токтомуна ылайык жана “Чукур-Аксеки”айылында 350дөн ашык түтүн 2100 дөн ашык калктын санын эске алып, күн тартибиндеги маселени боюнча талкуулап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жагы Жумгал райондук кошмо жыйындан суралсын.
2. “Чукур-Аксеки” айылынын чеги. Чыгышынан Чет-Куугандынын суусу. Батышынан Б.Бабаев көчөсүнүн асты үстү. Түштүгү М.Рыскулов көчөсүнүн башы мечиттин жаны. Түндүгү Саздын башына чейин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:
А.Ж Бөдөнбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 2 марта 2006 года №137 "О мерах по финансированию заработной платы айыл башчысы (старосты аила) Кыргызской Республики"Постановление · 02.03.2006 · № 137 · No longer in force