Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Үч-Төбө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-февралындагы №14, 2009-жылдын 15-июлундагы № 2013, 2010-жылдын 28-янврындагы №15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык). Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүктөрүнүн планын өзгөртүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXI заседаниеси
2015-жылдын 28-июлу № 31 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-февралындагы №14, 2009-жылдын 15-июлундагы № 2013, 2010-жылдын 28-янврындагы №15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык). Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүктөрүнүн планын өзгөртүү жөнүндө Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Каракол айылындагы № 16 Маданият орто мектебинин отун(көмүр) менен жылытуу системасына өткөрүү үчүн үлүштүк (дем берүүчү) грантка долбоор өтүп,5% пайызы 59,7 миң сом акча каражат жергиликтүү бюджеттен каржылоо боюнча айыл өкмөтүнүң башчысы И.Кутушеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Төбө айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 3-главасынын 20-беренесине ылайык,Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларын таратуучу болуп эсептелген жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу жөнүндө. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн сметасынын чыгаша бөлүгүнүн мектептерге 22321100 статьяга электр-энергияга бөлүнгөн акча каражаттан 59,7 миң сомду № 16 Маданият орто мектебинин отун (көмүр) менен жылытуу системасын куруу үчүн 5% пайыздык төлөмүнө 31112390 статьяга 59,7 мин сом жылдырылсын.
2. 2015-жылдын сметасынан статьядан статьяга жылдырылган акча каражатты Алай райондук каржы бөлүмүнө билдирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы
Э. Өмурзаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.