Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 22-апрели № 80/ХVI-26 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги №199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевдин КР Президентинин 10.04.2009-жылдагы №199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө ”Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө” маалымдамасы эске алынсын
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевке:
-2014-жылы ижарага берилген жерлердин келишимдери бүткөрүлсүн -кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланылбай калган жер аянттарынын санын азайтуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлсүн -КБФнын жерлерин максаттуу жана сапаттуу колдонуу боюнча иштер жолго коюлсун
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы
Ш.Андашов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.