Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
С.Юсупова айылдык кеңешинин «С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мурда балдар бакчасы болгон имаратты кайрадан жабдуулап, жаңыдан балдар бакчасы ачуу жөнүндө» токтому
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 18-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 18-28
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мурда балдар бакчасы болгон имаратты кайрадан жабдуулап, жаңыдан балдар бакчасы ачуу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында мектепке чейинки балдардын саны көбөйгөндүктан, айыл өкмөтүндө бала-бакчалар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, көптөгөн мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Айыл тургундары, ата-энелер тарабынан балдар бакчалары ачуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылуулар келип түшкөн. Ушул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мурда балдар бакчасы болуп, азыркы күндө пайдаланылбай жаткан имаратты кайрадан ремонттоп, жаңы балдар бакчасы ачууга макулдук сурап, айылдык кеңешке кайрылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майында “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу Республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө №302-токтому чыккан. Бул боюнча билим берүү тармагынын айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда.
Ошондуктан күн тартибиндеги маселени карап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 20-пункутуна жана 20-берененин 6-бөлүмүнүн 4-пункутуну жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат: ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн балансындагы мурда балдар бакчасы болгон, азыркы күндө пайдаланылбай жаткан имаратты ремонттоп, «Бүчүр» атындагы балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган «Бүчүр» атындагы балдар бакчасынын имаратын ремонттоп, керектүү эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык жаңыдан ачылган «Бүчүр» атындагы балдар бакчасынын штаттык бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Араван районун билим берүү бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинен суралсын. 4 .Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук-тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
Б. Маннанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.