Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №148 токтомундагы “Датка-Кемин” 500 кВ электр линиясынын курулушуна туура келген Ак-Булак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылындагы он төрт үй бүлөөнүн турак жай участкаларын башка жакка которуу (трансформациялоо), аларга келтирилген зыяндарга ылайыктуу акча каражатын (компенсация) төлөө бөлүкчөсүн коштуруу жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № 7 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №148 токтомундагы “Датка-Кемин” 500 кВ электр линиясынын курулушуна туура келген Ак-Булак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылындагы он төрт үй бүлөөнүн турак жай участкаларын башка жакка которуу (трансформациялоо), аларга келтирилген зыяндарга ылайыктуу акча каражатын (компенсация) төлөө бөлүкчөсүн коштуруу жөнүндө” Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Булак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылындагы он төрт үй бүлөөнүн «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушуна туура келген турак жайларын аныктап чыккан жумушчу топ комиссиясынын актысы бекитилсин.
2.Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын администрациясынын кайрылуусунда каралган Ак-Булак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылындагы «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушуна туура келген он төрт үй бүлөөнүн там аркасына болгон маселесин чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №148 токтомундагы электр линиясынын курулушуна туура келген участкаларын башка жака которуу, аларга келтирилген зыяндарга ылайыктуу акча каражатын (компенсация) төлөп берүү каралбагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №148 токтомуна, «Датка-Кемин» линиясынын курулушуна туура келген он төрт турак жайларды Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын 36 кварталындагы 11выделден 1,0га ,15кварталындагы 12 выделден 01га жердин максаттык багытын же чарба жеринин түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү, там аркасына жер ажыратуу (трансформациялоо) аларга келтирилген зыяндарга ылайыктуу акча каражатын (компенсация) төлөө бөлүкчөсүн коштурууга жардам берүү жагы Кызыл-Үнкүр айыл аймагы тарабынан Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3.Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн башчысына, «Датка-Кемин» линиясынын курулушуна туура келген жарандарга, там аркасына жер ажыратып берүүгө (трансформациялоо) жана келтирилген зыяндарга ылайыктуу акча каражатын (компенсация) төлөөгө керектүү болгон документтерди даярдоо милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө эл депутаттарынын Кызыл-Үнкүр айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Темиров Рустамга жүктөлсүн.
Төрага
Жамгырчиев А.А
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2013 года № 148 "О реализации проекта "Строительство линии электропередачи 500 кВ "Датка-Кемин" и подстанции 500 кВ "Кемин"Постановление · 25.03.2013 · № 148 · No longer in force