Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Терек айылдык кеңешинин «Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Терек айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2014-жылдын 16-апрели № XIV/3 Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 13-январындагы «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндөгү» жарлыгы менен бекитилген Улуттук стратегиясы боюнча «алыскы райондордо банктык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана төлөм системасын колдоо үчүн Почта банкын түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат» деген талаптарын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-майындагы №260 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик почта байланышынын абалы жана келечектеги өнүгүшү жөнүндөгү» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесине ылайык айылдын жашоочуларын пенсия, пособие, компенсациялар менен тейлеп, социалдык жактан кызматтарды көрсөтүп жаткандыгына байланыштуу Терек айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасындагы имараттын 30 м2 аянты «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Почта байланыш түйүнү жайгашкан имараттын тийиштүү бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына откөрүп берүү жумуштарын турмушка ашыруу жагы Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы
Ж. Ажиева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 2 мая 2003 года № 260 "О состоянии и перспективах развития государственной почтовой связи Кыргызской Республики"Постановление · 02.05.2003 · № 260 · No longer in force