Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Жалал-Абад шаарынын №18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы 2014-жылдын 4-декабры № 3 “Жалал-Абад шаарынын № 18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жобосуна ылайык Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу “Манас-1000” жылдыгы атындагы № 18 орто мектебине КР улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкери, полковник Асанов Бакытбек Амангелдиевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашуу үчүн жиберүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Эрматов) жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы
Н.Нишанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 2 · related 0
Cited by (2)
- Индикативный социально-экономический план на 1996-1998 годы ( Утвержден Указом Президента Кыргызской Республики от 15 июня 1996 года N УП-204)План · 15.06.1996 · № 204
- Постановление Правительства КР от 10 мая 1996 года №206 "О проектах стратегии экономического развития Кыргызской Республики на период до 2005 года и индикативного…Постановление · 10.05.1996 · № 206 · No longer in force