Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.» токтому
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 2 Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин эсебинде 6183 гектар жайыт жерлар айыл тургундарына ижарага берүү жолу менен пайдаланылат. 2013-жылда жайыт жерден пайдалануу боюнча айыл тургундары менен 68 келишим түзүлүп жерлер ижарага берилген. Ижарага берилген жерлер жана жайыттан пайдалану боюнча берилген жайыт билеттер үчүн жалпысы болуп 369950 сом акча каражаттары жыйналган. Топтолгон акчалар бекитилген бюджет боюнча сарпталган. Атап айтканда Мечит- Миян участоктун жолун ондоого, Чили-Сай капчыгайына ветеринардык пост уюштурууга жана башка жерлерди ремонтоо, ондоо иштери жүргүзүлгөн. 2014-жылдын бюджетин киреше бөлүгүнө 370600 сом, чыгаша бөлүгүнө 370600 сом пландаштырылган. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары жана 2014-жылга карата бюджети боюнча жайыт комитетинин отчетун угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары боюнча жайыт комитетинин отчети канаттандырарлы деп табылсын
2. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2014 жылга карата киреше бөлугу 370600 сомга чыгаша бөлүгү 370600 сом менен бекитилсин.
3. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт жерлерден пайдалануу боюнча эрежелерди бузуп, токойлорга зыян жеткирген жана уруксатсыз жайыт жерден пайдаланган атуулдарга карата жаза колдону боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- августь 1992-жылдагы № 403 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7- сентябрындагы № 668, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3- майындагы № 224 токтомдорунун негизинде иштелип чыгылган иш чаралар бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:
А.Имамов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 3 мая 2013 года № 224 "Об утверждении такс для исчисления размера взысканий за ущерб, причиненный объектам животного и растительного мира…Постановление · 03.05.2013 · № 224
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · No longer in force