Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө.» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-сентябры № 9/27 Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы № 101 Мыйзамынын 31–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 29–февралындагы №157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө” Жобого негиз, Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын социалдык кызматкерлерини 2013–жылдын 2–июлундагы №1157 кайрылуу каты шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып макулдук берилгендигин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 29–февралындагы № 157 токтому менен бекитилген“Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө” Жобого, Кыргыз Республикасынын 2004–жылдын 4–августундагы №106–“Эмгек Кодексинин” 156–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча шаардык кеңештин 2013–жылдын 28–мартындагы № 4/11 токтомунун № 4–тиркемесине ылайык, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акысынын базовый ставкасынан 50% өлчөмүндө кошумча эмгек акы төлөп берүү 2013–жылдын II жарым жылдыгынан баштап киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы:
А.Маткалыков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 5
Related documents (5)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 4/11 "Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга шаардын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2013 · № 4/11
- Положение о социальном работнике Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 29 февраля 2012 года № 157)Положение · 29.02.2012 · № 157
- Постановление Правительства КР от 29 февраля 2012 года № 157 "Об утверждении Положения о социальном работнике"Постановление · 29.02.2012 · № 157
- Трудовой кодекс КРКодекс · 04.08.2004 · № 106 · No longer in force
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force