Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2019-жылдын 7-октябры № 8/5 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана айыл өкмөттүн киреше болүмүнүн башкы адиси С.Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген Жобого макулдук берилсин.
2. Мамлекттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнун башчысына жүктөлсүн .
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укуктук маселе боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А. Саттаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 3
References (1)
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления»Закон · 31.03.2016 · № 32
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке осуществления делегированных государственных полномочий органами местного самоуправления в сфере налоговых правоотношений (Утверждено постановлением…Положение · 11.04.2016 · № 202
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force