Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын ««Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОЧКОР-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2014-жылы 11-марты №01-01/81 «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосун бекитүү жөнүндө» Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, шаардын социалдык-экономикасына кошкон салымын, демөөрчүлүктө, шайлоочуларга көрсөткөн жардамын, шаардык Кеңештин сессияларында дайыма катышкан, Кеңештин тапшырмаларын жана чечимдерин туура жана так аткарган Кочкор-Ата шаардык Кеңештин депутаттарына «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобосун талкуулап, Кочкор-Ата шардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктунун 26-пунктчасына ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруунун тартиби жана шарттары тууралуу Жобо № 1 тиркемеге ылайык бектилсин.
2.Жобонун талаптарын туура аткарууну жана камсыз кылууну, шаардык Кеңештин фракцияларынын лидерлерине жана шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы:
Б.Артыков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the official source, without saying which act cites which.