Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлүшү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXVI- чакырылышы
кезектеги 15 – сессиясы
2014-жылы 5-марты №7 «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлүшү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлүшү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» шаардын мэри Б.Минбаевдин докладын жана шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Кулуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык дупутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы Т О К ТО М К Ы Л А Т:
1.Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлүшү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө шаардын мэри Б.Минбаевдин доклады жана шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Кулуевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 63420,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 63420,0 мин сом суммасында (8959,0 мин сом суммасында атайын каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
3.Таш-Көмүр шаарынын 2015-2016-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
-2015-жылга киреше боюнча болжолу 69165,5 миң сом суммасында жана 2016-жылга киреше боюнча болжолу 76289,0 миң сом суммасында. -Таш-Көмүр шаарынын 2015-2016-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
4.Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгү жана 2015-2016-жылдарга болжолу № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүлөр эсебинен түзүлсүн.
5.Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылга жергиликтүү бюджетинен чыгашаны каржылоого каражат жана 2015-2016-жылдарга болжолу № 2 жана 2-1, 2-2 тиркемелерге ылайык белгиленсин.
6.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш), ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
6.1. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекеме уюмдарга жүктөлсүн.
7.Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8.Таш-Көмүр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Мэрия ) укуктуу:
8.1.Эгерде бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Токтомдун 2-пунктунда бекитилген суммалардын чегинде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.2.Тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актылардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети менен жергиликтүү бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолор киргизилгенде жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоодо түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.3.Жергиликтүү кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
8.4.Киргизилген өзгөртүүлөр Таш-Көмүр шаардык Кенеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
9.Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү бюджеттик мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
10.Шаардын жергиликтүү бюджетин камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо максатында биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдү белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин.
11.«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» 1998-жылдын 11-июнундагы мыйзамдын 21-статьясына ылайык, шаардын жергиликтүү бюджетинин 1 пайызы же болбосо 544,6 миң сом өлчөмүндө Мэриянын жана шаардык Кеңештин резервдик фонду болуп бекитилсин. Анын ичинен Мэрияга 70 пайызы же болбосо 381,2 миң сом, шаардык Кенешке 30 пайызы же болбосо 163,4 мин сом өлчөмүндө бөлүштүрүлүп каралсын.
12.2014-жылга бюджеттен каралган каражаттарды максаттуу колдонуу, мамлекеттик мүлктөрдү жана акча каражаттарды туура пайдаланууга, финансалык-экономикалык потенциалдарды чындоону арттырууга, багытталган иш-чараларды жүргүзүүсү, бардык мекеме уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
13.Шаардын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акчасы 2014-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
14.«Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жөнүндөгү» 2009-жылдын 20-июлундагы мыйзамынын 10-статьясына ылайык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражатарынын запастарын түзүү жана даярдыктарды кармоо үчүн 250,0 мин сом өлчөмүндө каражат шаардык муниципалдык менчик департаментинин (ММД) түрдүү чыгымдар статьясында кол тийгиз каражат катары бекитилсин. Бекитилген каражат өзгөчө кырдаал түзүлгөн мезгилде шаардын мэри тарабынан атайын буйрук чыгарылып чыгымдоого уруксат берилсин.
15.2011-жылдын 18-ноябрындагы № 215 Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчилике алып, шаардык муниципалдык менчик департаментинде эмгектенген тейлөөчү кенже персоналдарга 2000 сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
16.2014-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү мекемелерге каражат бөлүштүрүлсүн:
16.1.Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Мыйзамына ылайык Муниципалдык аймактык башкармалыктардын штаттык бирдиктеринин эмгек акылары жана соц.фондго чегерүүсү үчүн Мэрия аркылуу – 907,1 мин сом;
16.2.Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын жыйналышы жогорку денгээлде болуусун көздөп шаардык Мэрияга 2 (эки) жетектөөчү адис штаттык бирдиги киргизилсин жана алардын эмгек акылары, соц.фондго чегерүүсү үчүн каражат Мэрия аркылуу -223,4 мин сом;
16.3.Шаардык Кенешке кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн - 400,0 миң сом;
16.4.Шаардагы жумушчу кызматкерлердин кесиптик майрамдарына берилүүчү акчалай сыйлыктар үчүн Мэриянын түрдүү чыгымдар статьясы (2215) аркылуу – 230,0 миң сом;
16.5.Шаардын жаштарына колдоо көрсөтүү максатында кичи автобус сатып алуу үчүн шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу -490,0 мин сом;
16.6.Шаардык муниципалдык менчик департаментине авто унааларды сатып алууга - 1850,0 мин сом ;
16.7.Ардагерлер Кеңешине түрдүү чыгымдары үчүн - 50,0 миң сом шаардык Кенеш аркылуу;
16.8.Шамалды-Сай шаарчасындагы бокс менен машыгып жаткан жаш өспүрүмдөргө бокс рингин сатып берүү үчүн Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу -350,0 миң сом;
16.9.Таш-Көмүр шаарынын калкын таза суу менен камсыздоочу системасын жакшыртуу максатында түзүлгөн долбоордун өздүк салымы үчүн шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу - 3000,0 миң сом;
16.10.Шаардагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн мамлекеттик актыларын жана техникалык паспортторун даярдатууга шаардык муниципалдык менчик департаменти (ММД) аркылуу - 400,0 миң сом;
16.11.Муниципалдык менчик департаментинин эски жылдардагы № 38 жол тейлөө ишканасына (ДЭП-38) болгон карызды төлөп берүү үчүн – 700,0 миң сом;
16.12.Шаардагы бюджеттик мекемелерге имарат жетишсиз болгондугуна байланыштуу муниципалдык менчикке имарат сатып алуу үчүн – 1500,0 миң сом;
16.13.№ 3 Т. Молдо атындагы орто мектебине ажааткана куруу үчүн билим берүү бөлүмү аркылуу – 270,0 миң сом;
16.14.№ 14 Т. Шадыканов атындагы гимназиянын ашканасын ремонттоо үчүн билим берүү бөлүмү аркылуу – 300,0 миң сом;
17.2014-жылдын башында калган калдык 1021,4 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин жана ушул каражаттын эсебинен Мэрияга кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн – 495,0 миң сом бөлүнсүн.
18.Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.
19.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
20.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
21.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
Кулдышев М.С.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 18.11.2011 · № 215 · No longer in force