Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 2-декабры № 01-01/60
Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «финансы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, финансы жана экономика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. «Эл аралык XI Ысык-Көл оюндары 2013» спорттук мелдешине катышып, спорттун үч түрү боюнча байгелүү орунга жеткен Кочкор-Ата шаарынын тургуну Мырзабек уулу Жумабекке, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин түрдүү чыгымдарынын эсебинен 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык менен сыйлансын жана акча каражаты менен камсыз кылуу шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомунун тиркемесиндеги, бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга тийиш болгон ишканалардын тизмегиндеги «Автожыйноо-завод» ААКнан, «Тазалык» жашылдандыруу,көрктөндүрүү санитардык тазалоо комбинатына, борбордук көчөлөрүн заманбап техника менен тейлөө боюнча 2 240 000 сомго ГАЗ-3309 КО-440-2 маркасындагы техниканы жана 50даана мусор контейнер сатып алууга акча каражатын камсыздоо жагы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты, жылдын жыйынтыгы менен жазуу түрүндө, шаардык Кеңештин аппаратына тапшырууну, мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «каржы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Артыков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 14 апреля 2009 года № 231 "О закупках продукции у отечественных производителей методом закупок из одного источника"Постановление · 14.04.2009 · № 231 · No longer in force