Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын 2013-жылга бекитилген бюджетине озгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылыш кезектеги X-сессия
2013-жылдын 12-октябры № 4
Жалал-Абад шаарынын 2013-жылга бекитилген бюджетине озгөртүү киргизүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы комиссиясынын корутундусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезектеги X-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга каралган каражаттын эсебинен 238,0 миң сом, «Инфо-системага» каралган каражаттын эсебинен 252,0 миң сом кыскартылып, муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу 2013-жылдын июль айында Россия Федерациясынын Татарстан республикасынын Казань шаарында болуп өткөн 27-бүткүл дүйнөлүк универсиаданын бел боо (алыш) күрөш боюнча алтын медалдын ээси Аканов Нурбекке батир алып берүү үчүн 490,0 миң сом бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга каралган каражаттын эсебинен 88,0 миң сом, шаардык куткаруу кызматына күйүүчү-майлоочу заттарды алууга жана байланыш менен тейлөө кызматына акы төлөө үчүн 50,0 миң сом, Т. Тайгараев башкармалыгына Асыл тукум мал чарбасы иштеткен жердин ижара акысын төлөө үчүн 38,0 миң сом, ал эми өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга каралган каражат калганы мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мэрдин буйругунун негизинде каржылансын.
3. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин 2013-жылга бекитилген сметасында шаар көчөлөрүнө жаңы жол курууга (асфальт төшөөгө) каралган 1819,4 миң сом акча каражатын шаар көчөлөрүн жамап жасоо жумуштарына иштетүүгө макулдук берилсин.
4. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментини өткөзгөн тендерлерден үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен муниципалдык асфальт бетон заводуна битум чукуруна навес курууга 619,9 миң сом, асфальт бетон заводуна контора курууга жана гараж (навес) курууга 1325,2 миң сом бекитилсин.
5. Шаардык билим берүү башкармасынын 2013-жылга бекитилген сметасында от казандарын курууга каралган каражаттан (4865,4 миң сом) 1300,0 миң сомун жылуулук энергиясына төлөп берүүгө уруксат берилсин.
6. Шаардык билим берүү башкармасынын 2013-жылга бекитилген сметасында ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдардын компенсациялоо үчүн 200 сомдон каралган каражаттан үнөмдөлгөн 467,4 миң сомдун 159,4 миң сом суу чыгымдарынын тарифи жогорулашына, 100,0 миң сом китеп алууга, 85,0 муниципалдык менчикти башкаруу комитетине жарнак калканын жасоо үчүн, 65,0 миң сом Жалал-Абад –Үнү редакциясына видеокамера алууга кошумча каражат, 50,0 миң сом шаардык кеңеш аркылуу Ош шаарынын күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын атынан салым кошууга, 8,0 миң сом мэрия аркылуу КР эл артисти Ш. Талипованын 60 жылдык юбилейине бөлүнүп берилсин.
7. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жергиликтүү бюджеттен каржыланган штат бирдиктери кыскаратылгандыгынан үнөмдөлгөн 832,0 миң сомдон ШИИБнө 22,5 миң сому иштен кеткен кызматкерлерге компенсация төлөп берүүгө, 150,0 миң сомду ШИИБнүн имаратынын ремонтуна, 100,0 миң сом коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аркылуу Жалал-Абад областык төрөт үйүнө суу түтүктөрүн оңдоо үчүн, 97,9 миң сом муниципалдык менчикти башкаруу комитетине муниципалдык мүлктөрдүн архитектуралык пландоого, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө, техникалык документтерди даярдоо үчүн, ал эми Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин тургузууга Жалал-Абад шаарынын атынан салым кошууга 100,0 миң сом (50,0 миң сомдон шаардык кенеш жана мэрия аркылуу), 100,0 миң сом дене тарбия жана спорт комитетине, 212,0 миң сом мэрияга, 49,6 шаардык кеңешке муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата сыйлоо үчүн бөлүнүп берилсин.
8. Шаардык билим берүү башкармасынын № 1 спорт мектебине каралган каражаттан 100,0 миң сом дене тарбия жана спорт комитетине жылдырууга уруксат берилсин.
9. Жалал-Абад шаарынын Тарсус көчөсүндө жайгашкан муниципалдык батирлерди электр энергия менен камсыз кылуу үчүн үлүштүк каржылоого каралган каражаттын үнөмдөлгөнүнүн эсебинен трансформатор алууга 300,0 миң сом акча каражатын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.06.2013ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» № 384- токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.10.2013-ж. № 543- токтомдорун аткаруу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган структураларынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу үчүн тамак-аш компенсациясына деп каралган каражатты, 13- эмгек акыга деп каралган каражаттарынан каржылансын жана кошумча каражат талап кылган мекемелерге пландан ашыкча түшкөн каражаттан жана жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен эмгек акынын жогорулашына каржылоо шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.06.2013ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» № 384- токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2.10.2013-ж. № 543- токтомдорунун негизинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган структураларынын кызматкерлеринин жогорулагандан кийинки эмгек акысы эгерде мурдагы эмгек акы менен тамак-аш компенсациясын кошуп алгандан аз болсо, кызматкерлерге эмгек акысын мурдагы деңгээлдегидей кылып теңдештирүү үчүн, ар бир мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде финансы бөлүмү менен макулдашып, үстөк акы катары төлөнүп берилсин.
12. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
14. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы
М. Тагаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 23 января 2008 года № 22 "Об условиях оплаты труда работников, занятых обслуживанием государственных органов и органов местного самоуправления…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.