Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Декрет ВП «О национализации земельного участка и объектов пансионата «Солнышко»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 27-майы УӨ № 54
"Күн-Чубак" пансионатынын жер участкасын жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 25-майдагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Күн-Чубак" пансионатынын аймагында жайгашкан жана "Барди-Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна таризделген аянты 11,029 га жер участогу 5 кыймылсыз мүлк бирдиги менен кошо мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Барди-Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жокко чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- аянты 11,029 га жер участогу менен 5 кыймылсыз мүлк бирдигин балансына кабыл алсын;
- мүлктү тиешелүү контролдоону жана сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О государственном материальном резерве»Закон · 26.05.2014 · № 78