Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 14-апрели № 7 Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго:
- Нарын шаарынын жарандарын өз убагында азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында шаардын аймагына азык-түлүк саткан 5 жылып жүрүүчү автоунааларды уюштурууну;
- Өзгөчө абал режими учурунда коменданттык сааттын эрежелерин сактабаган жана башка мыйзам бузууларды жазаган жарандарды кармап, убактылуу жайгаштыруу үчүн тез арада имараттарды уюштурууну;
2. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Сатаровго:
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун жарандарын өз убагында азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн Ат-Башы айыл аймагына жана райондун аймагындагы айылдарына жылып жүрүүчү автоунааларды уюштурууну;
- Өзгөчө абал режими учурунда коменданттык сааттын эрежелерин сактабаган жана башка мыйзам бузууларды жазаган жарандарды кармап, убактылуу жайгаштыруу үчүн тез арада имараттарды уюштурууну;
- Ат-Башы районунда коронавирус илдети көп аныкталып жаткан Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Бирлик жана Ат-Башы айылдарында дезинфекциялоо иштерин күчөтүүнү;
- Ат-Башы районунун аймагындагы “Чар” постунда уюлдук телефон байланышы жана башка байланышууга мүмкүн болгон каражаттар жок болуп жаткандыктан, бул маслени тез арада чечүүнү;
3. Нарын шаардык жана Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине:
- Өзгөчө абал режими учурунда мыйзам бузган ар бир жаранга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү менен массалык маалымат каражаттарына чагылдырууну;
4. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы Койчуманов Айбек Маметовичке:
- Нарын облусунун аймагында уюштурулган обсервация жайларында кызмат өтөп жаткан медицина кызматкерлерин жана милиция кызматкерлерин нөөмөттөн чыккан учурда өздөрүн обсервацияга 14 күн жаткырууну;
- Оорунун илдеттерин жуктуруп алган адамдарды өз убагында аныктоо, дарылоо, аларды изоляцияга алуу максатында жарандардан экспресс-анализдерди алуу үчүн КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу ветеринардык лабораторияларды, “Бонецский” жана “Аква” жеке лабораторияларын көмөктөшүүгө тартуу маселесин чечүүнү;
- Ар бир медицина кызматкерлерин жеке коргонуу халат, бет кап, кол кап, атайын көз айнек жана башка керектүү медициналык каражаттар менен толук камсыздоону;
5. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Кадыров Талант Эсенгуловичке жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер Турпанбаев Мадланбек Тураровичке жүктөлсүн.
6. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Указ Президента КР от 14 апреля 2020 года УП № 72 "О введении чрезвычайного положения на территории города Нарын и Ат-Башинского района Нарынской области Кыргызской Республики"Указ · 14.04.2020 · № 72 · No longer in force