Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө кошумча күч берүү жана кайгуулду күчөтүү жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 4-апрели № 24 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө кошумча күч берүү жана кайгуулду күчөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник К.А. Камаловго:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө кошумча күчтүн коюлуусун көзөмөлгө алсын.
2. № 12544 аскер бөлүгүнүн командирине:
- Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө кошумча 50 аскер кызматкери жана 2 даана аскер унаасы аскер бөлүктөн 2020-жылдын 5-апрелинде саат 10.00дөн тартып өзүнчө буйрукка чейин Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарынын топтоо пунктуна жол жүрүү менен Жалал- Абад гарнизонунун аскердик автоинспекциясы тарабынан коштолуп алынып келинсин;
- Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө бөлүнгөн кошумча 50 аскер кызматкери № 52870 аскер бөлүгүнүн командиринин карамагына өткөрүлсүн;
- Жалал-Абад шаарына кайгуулга чыккан аскер кызматкерлеринин тизмеси аныкталып, кызмат өтөөгө жооптуу кызматкерлер тиешелүү буйруктар менен бекитилсин;
- Кайгуул өтөө убактысы күн сайын саат 09.00дөн саат 20.00гө чейин аныкталсын;
- өмүр коопсуздук чаралары кол коюу менен жеткирилсин жана күзөт өтөө боюнча кошумча сабактар өткөрүлсүн;
- өздүк курам тиешелүү жабдыктар менен камсыз кылынсын;
- өздүк курамдын тамактануусун өз убактысына уюштуруу үчүн ашпозчу жана тамак жасоочу жабдыктар менен камсыздалсын;
- кошумча тапшырмаларды аткарууга 2 даана чатыр алып келинсин.
3. № 52870 аскер бөлүгүнүн командирине:
- № 12544 аскер бөлүгүнөн келген өздүк курам № 52870 аскер бөлүгүнө азыктануу үлүшүнө коюлсун.
4. № 704 аскер бөлүгүнүн командирине:
- Жалал-Абад шаарына кайгуулга келген 50 аскер кызматкеринин мончого түшүүсү жана кийимдеринин жуулусу аскер бөлүктүн базасында өткөрүлсүн.
5. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына полковник К.А. Камаловго жүктөлсүн.
6. Буйрук тиешелүү өздүк курамга жеткирилсин.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Указ Президента КР от 24 марта 2020 года УП № 57 "О введении чрезвычайного положения на территории города Джалал-Абад и Сузакского района Джалал-Абадской области Кыргызской…Указ · 24.03.2020 · № 57 · No longer in force