ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН б «Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө» БУЙРУГУ (БУЮРМА)
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМӨНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 30-марты № 8 б Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 56 Жарлыгы Ош облусунун, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, комендантши 25.03.2020-жылдагы № 5 буйругу менен аталган аймактарда саат 20:00ден саат 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилип, жарандардын кээ бир укуктары жана эркиндиктери чектелген. Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилген аймактарда жарандардын ар кандай кыйын абалдарга туш болушу мүмкүндүгүн эске алып, аларга жардам берүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерикен эки мобилдик топ түзүлсүн.
2. Биринчи мобилдик топ - Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилген аймактарда ар кандай кыйын абалдарга туш болгон жарандарды автоунаа менен керектүү болгон жерлерге жеткирүү максатында мамлекеттик белгиси 02KG082ABU "Тойота камри" автоунасы менен төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
- Ош ОИИБдин ЭММКАКтын начальнигинин орун басары милициянын майору Абдиев М.
- От ОИИБдин ЭММКАКтын ыйгарым укуктуу улук опер өкүлү милициянын ага лейтенанты Акбураев К.
- Ош ОИИБдин ЭММКАКтын ыйгарым: укуктуу опер өкүлү милициянын капитаны Аманкулов Р.
3. Экинчи мобилдик топ - медициналык жардамга муктаж болгон атуулдарга жардам көрсөтүү боюнча Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын тез жардам көрсөтүүчү кызматтык автоунаасы менен төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Атамкулова Б.
- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Ашимбай кызы А.
- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Мамытов А.
- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Муртазиев А.
- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Карыбек уулу А.
4. Ош ОИИБдин КБГЧнын начальниги Т.Кожоевге: жогоруда аталган кызматкерлер тийиштүү жеке медициналдык коргонуу каражаттар менен камсыздалсын.
5. Буюрманын талаптарын аткаруу Ош ОИИБдин КККнын начальнигин орун басары милициянын подполковники С.Шералиевге, Ош ОИИБдин ЭММКАКтын начальниги милициянын полковниги Н. Кожобаевге жана Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын начальниги ички кызматынын полковниги Н. Амираевге жүктөлсүн.
Комендант милициянын полковниги
Нурдинов М.А.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Указ Президента КР от 24 марта 2020 года УП № 56 "О введении чрезвычайного положения на территории города Ош, Ноокатского и Кара-Суйского районов Ошской области Кыргызской…Указ · 24.03.2020 · № 56 · No longer in force