ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН б «Санитардык-карантиндик посттордо азык-түлүк ташыган автоуиаа каражаттарын өткөрүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө» БУЙРУГУ (БУЮРМА)
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМӨНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 30-марты № 4 б Санитардык-карантиндик посттордо азык-түлүк ташыган автоуиаа каражаттарын өткөрүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында азык-түлүктөрдү ташыган автоунаа каражаттарын санитардык-карантиндик посттор аркылуу өткөрүү тартибин жөнгө салуу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Коменданттын орун басарларына: Ош шаары боюнча (Боронов М.С.), Кара-Суу району боюнча (Акпаров О.А.), Ноокат району боюнча (Рахманов К.Т.):
1.1. Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жайгашкан санитардык карантиндик посттордо азык-түлүктүн бардык түрлөрүн, курулуш материалдарын, айыл-чарба продукцияларын, дары-дармөк, медициналык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу каражаттарын ташыган автоунааларды коменданттык саат киргенге чейин тоскоолдуксуз өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте уюштурулсун:
- санитардык карантиндик посттордо жогоруда аталган жүктөрдү ташыган автоунааларды өткөрүүдө, алардын жол жүрүү маршруту каттоо журналдарына белгиленсин жана кайтып жатканда токтоосуз өткөрүлсүн.
1.2. Буюрманын талаптары бардык санитардык карантиндик постторго жеткирилип, аткарылуусу катуу көзөмөлгө алынсын.
2. Коменданттын маалымат борборуна: жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу жогорудагы маалыматтарды коомчулукка жеткирүү милдеттендирилсин.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Комендант милициянын полковниги
Нурдинов М.А.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 3 · related 0
Cited by (3)
- Ысык-Атат айылдык кенешинин 2020-жылдын 3-апрелиндеги №180/XXVIII-27 "Ысык-Ата районуна карантин киргизилгендиктен Ысык-Ата айыл аймагына карантиндик постторду уюштуруу жөнүндө"…Постановление · 03.04.2020 · № 180/XXVIII
- Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-мартындагы № 25-1 "Жерге-Тал айыл аймагына санитардык-карантиндик постторду уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2020 · № 25-1
- Постановление Люксембургский айылный кенеш Ысык-Атинского района от 30 марты 2020 года № 156/30/27 «О введении карантина на территории Люксембургского айылного аймака»Постановление · 30.03.2020 · № 156/30/27