Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сары-Булуң айылдык кеңештин айыл чарба,архитектуpa,транспорт жана экология боюнча комитетинин № 3 (Сары-Булуң айылдык кеңешинин токтомуна ылайык) протоколу
Тиркеме (Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 токтомуна ылайык)
Сары-Булуң айылдык кеңештин айыл чарба,архитектуpa,транспорт жана экология боюнча комитетинин
№ 3 протоколу
25-июль 2023-жыл.
Кара-Суу айылы.
Чогулушка катышты-4
Чогулуш башчысы: Токтоналиева Л.
Катч ы: Өмүракунов С.
Күн тартибиндеги маселе:
1 Улүш жана арендага берилен жерлердин жыйынтыгы жана арендага берилген жерлердин тарифтерин бекитүү жөнүндө
Угулду
Сары-Булуң айылдык кеңештин айыл чарба архитектура,транспорт жана экология комитетинин төрайымы Токтоналиева Л:
Урсматтуу !!. Комитетинин мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн жер боюнча адиси жол.Рысбеков Артылбек бүгүнкү отурумда сиздер менен талкуулоочу маселе 2022-2023-жылы такталган жерлерден жана мөөнөтү бүткөн жерлерди өүңүздөр менен биргеликте түз берүү жолу менен жер комиссиясы отурумда карал 23 жаранга 1 гектардан аз камсыз, үй бүлөөлөргө берилгенин ал коомдук угууда дагы талкуулангандыгын билесиздер.Арендага алган жерлердин тарифтерин бекитүү болуп жатат.Комитеттин мүчөлөрү жана жер адиси ой пикир суну штарынар болсо айтыңыздар.
Айыл өкмөттүн жер адиси жол.Рысбеков Артылбек.
Урматтуу !!. Комитетинин мүчөлөрү жер маселеси боюнча айтсам ижара мөөнөтү бүткөн жерлерди өзүңүздөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 4 пунктунун 69 пунктучаларына ылайык айыл өкмөттүн аймагында жашаган аз-камсыз болгон 23 жаранга 1 .гектардан жер комиссиянын отурумунда каралып берилди. Өткөн чогулушта эл да туура көрдү.Азыркы учурда жер алган атуулдар менен келишим түзүлүп жатат. Ижаранын мөөнөтүн жана ижара акысын белгилеп алсак.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомунун 4.1 пунктунун 73 пунктучасына ылайык ижара мөөнөтүнүн убагын 5 жылга,ал эми ижара акысын Суу баскан аянт, Кара-Колот,Кара-Суу,Сары-Булуң участкасынын жеринин балы жогору болгондуктан 1000-сом ,ал эми кайрак айдоо Кара- Талаа.ЗРК Талаа.Чайыр-Талаа усчасткарын 500-сомдон.Табихый чөп чабындыларга 200-сомдон мыйзам чегинде болсун деп сунуш кылам сиздер кандай дейсиздер.
Сары-Булуң айылдык кеңештин айыл чарба,архитектура,транспорт жана экология комитетинин мучөсү: Омүракунов Сапараалы
Сиз туура айтасыз жер боюнча өткөндө коомдук угууда эл ушул жарандарга берсек туура болот деген ой пикирин билдиришкен.Келишимдерди эртелетип бүрүрсок.Аренда акысы мыйзамга туура келсе ушул бааны бекитип берүү боюнча сессияга сунуш кылалы.
Сары-Булуң айылдык кеңештин айыл чарба,архитектура,транспорт жана экология комитетинин төрайымы Токтоналиева Лариса: Арендага жер алган жарандар менен келишимдер түзүлүп жатыптыр мен өткөндө келип тактагам дагы бүтө электер бар эле ошолорду бүтүрсөңүз.Аренда акысы туура эле деп ойлойм сессияга сунуштайлы.
1 Арендага жер алган жарандардын келишимдерин толук бүткөрү жагы жер адиси A Рысбекого милдеттендирилсин.
2. Аренда акысы Cугат айдоо Кара-Колот,Сары-Булун, Кара-Суу -1000сом,кайрак айдоо Кара-Талаа,ЗРК Талаа,Чайыр-Талаа-500сом. табигый чөп аянтына 200 сом жана ушул тарифтерди бекитип берүү жагы сессияга сунушталсын.
3. Бул чечимди бекитип берүү жагы айылдык кеңештин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды
Чогулуш башчысы:
Токтоналиева. Л
Катчы:
Өмүракунов. С
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.07.2023 · № 15