Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы „Айыл чарба багытындагы жерлери“категориясынан, „Калктуу конуштун жерлери“ категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы 2022-жылдын 9-августу №121 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”категориясынан, “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95-мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылына коомдук муктаждыктар үчүн,социалдык объектилерди куруугаАЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоого) үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезектегиXXVI сессиясытоктом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай айылындагы АЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер тилкесине социалдык объктилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
Каракашов И.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 19.03.2016 · № 21 · No longer in force