Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №112 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29-,2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык,КРнын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Баткен Райронунун мамлекеттик адмнистрациясынын 22.04.2022-жылдагы №17т сандуу буйругун ишке ашыруу, чек ара кызматкерлерине шарт түзүү жана чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасындагы 1,0га жер аянтына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Талиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.