Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жекенди айылдык кеңешинин «Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы 2022-жылдын 16-июну № 28
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 5 км аралыкты же жайыттын 4,0 га аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык жеке ишкер К.Анапияевдин арыз карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400 метр аралыкты же жайыттын 0,44 га аянтын “Турдумамат” дыйкан чарбасынын жер казынасынын көмүр кендерин иштетүүдө тейлөө максатында жол салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү жеке ишкер К.Анапияевдин сунушу колдоого алынсын.
2. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400метр аралыкты же жайыттын 0,44 га аянтын “Турдумамат” дыйкан чарбасынын жер казынасынын көмүр кендерин иштетүүдө тейлөө максатында жол салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Жол салуу учурунда элге келтирилген чыгымдарды өз убагында калыбына келтирүү жагы “Турдумамат” дыйкан чарбасы тарабынан аткарууга алынсын.
4.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу жетектөөчү адис Э.Галовго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага
А.Абдукалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.