Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жекенди айылдык кеңешинин «Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө» токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы 2022-жылдын 16-июну № 31
Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө
Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндө убактылуу жобосунун жана Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 07.07.2022-жылдагы № 01-19/313 билдирүү катын карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу колдоого алынсын.
2.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага
А.Абдукалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force