Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти аныктоо жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-5
Ноокат шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти аныктоо жөнүндө Ноокат шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти аныктоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №177 токтомуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарында жарандардын жашап жаткан турак жайын мыйзамдаштыруу жана жеке турак жай үй куруу үчүн жер участогун бекитип берүү Ноокат шаарынын башкы планына, калктуу конуштардын башкы схемасына ылайык берилсин жана жер участогун бекитип берүү чеги 6 (алты) сотых деп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага:
Б.Мадмаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 4
Related documents (4)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Положение о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство (Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177)Положение · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force