Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кум-Дөбө» муниципалдык ишканасынын курамына Арсы Кара-Тоо айылдарынын кошулгандыгына байланыштуу 2023-жылга карата бюджеттерин өзгөртүү менен кайра түзүлгөндүгү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы 2023-жылдын 17-июлу № 25/3 “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын курамына Арсы Кара-Тоо айылдарынын кошулгандыгына байланыштуу 2023-жылга карата бюджеттерин өзгөртүү менен кайра түзүлгөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85- Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин 26.12.22 ж. №713 токтомуна таянып Депутаттардын VIIчакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын курамына Арсы Кара-Тоо айылдарынын кошулгандыгына байланыштуу 2023-жылга карата бюджеттерин өзгөртүү менен кайра түзүлгөндүгүнун негизинде “Кум-Дөбө” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун, маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы жана “Шамшы” муниципалдык ишканалары бириктирүү жолу менен “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2023-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү 5123940(беш миллион жүз жыйырма үч миң тогуз жүз кырк)сом жана чыгаша бөлүгү 5123940(беш миллион жүз жыйырма үч миң тогуз жүз кырк) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын, таштанды чыгаруу полигондорун ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү күтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу жагын Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Б Тажиевге милдеттендирилсин.
4. “Кум-Дөбө”муниципалдык ишканасынын 2023-жылга түзүлгөн бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, мыйзам чегинде иш жүргүзгөндүгү боюнча көзөмөлгө алуу жагы А.Касымовага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз милдетиме алам.
Төрага
М.Чолпонкулов.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года УП № 85 "Об административно-территориальной реформе на уровне айылных аймаков Нарынской области Кыргызской Республики…Указ · 03.04.2023 · № 85 · No longer in force