Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Трансформатор орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы 2023-жылдын 19-январы № 19-6 Трансформатор орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450- контурунда жайланышкан жашоочулардын сугат суусунун жетишсиздигинен жеке демөөрчүлөрдүн эсеби менен эски скважинаны тазалап чыгарып жатышкандыгына скважинаны ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга 16 (он алты) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳгү Найман айылынын тургуну И.Халиловдун кайрылуусун канааттандыруу максатында, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 - беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450- контурунда жайланышкан жердеги эски скважинасын ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга 16 (он алты) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошевге жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Осмоналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.