Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Э.Мойдуновдун жеңил типтеги пескоблок чыгаруучу станок орнотуу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы 2023-жылдын 25-февралы № 20-5 Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Э.Мойдуновдун жеңил типтеги пескоблок чыгаруучу станок орнотуу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында Төө-Моюн айыл аймагынын жарандарынын курулуш иштерине керектелүүчү пескоблок менен камсыз кылуу максатында Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги пескоблок чыгаруучу станок орнотууга үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызы тууралуу 2022-жылдын 1-августундагы арызы менен таанышып, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын угуп чыгып Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги пескоблок чыгаруучу станок орнотуу үчүн 0,10 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ижарага ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча аракеттеги укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы
А.Осмоналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.