Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максаты» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы 2023-жылдын 8-июлу № 24-3 Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максатында Төө-Моюн айыл аймагынын жарандарынын курулуш иштерине керектелүүчү материалдар менен камсыз кылуу максатында Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги курулуш куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызы тууралуу 2023-жылдын 15-июнундагы арызы менен таанышып, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын угуп чыгып Төө-Моюн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги соода сатык үчүн курулуш курууга 200 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ижарага ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча аракеттеги укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Осмоналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.