Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18- январында №4 сандуу кабыл алынган “Салык кодексин колдонууга киргизүү”жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 мыйзамынын редакциясына ылайык мүлк салыгын карап берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясы 2023-жылдын 5-июну №01-3/4 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18- январында №4 сандуу кабыл алынган “Салык кодексин колдонууга киргизүү”жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 мыйзамынын редакциясына ылайык мүлк салыгын карап берүү жөнүндө Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чомотоевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесиндеги имарат жайлардын зоналык коэффициентин өзгөртүү боюнча кайрылуусун карап, Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз №15 сессиясы токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин калктуу конуштардагы имарат жайлардын зоналык коэффициентинин 1,0 деп көрсөтүлгөн чен бирдиги 1,2 чен бирдигине көтөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Сай айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Т.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Салыбеков.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.