Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин «Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ» токтому
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 15 Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо максатында Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамылованын сунушун угуп, талкуулап Тѳрт-Күл айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тѳрт-Күл айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлеринин ѳз ара салыгы буга чейин бекитилген тарифи калтырылып 2023-жылга 70 (жетимиш) сомдон алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартындагы №57 мыйзамынын 5-сатьясынын негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди максаттуу пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо үчүн Айыл чарба багытындагы эмес жерледин салыгы 1.2 ден 2 коэффициентке кѳтѳрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамыловага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы
М.Жунушалиев
Катчысы
Г.Садырова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О базовых ставках земельного налога за пользование сельскохозяйственными угодьями, приусадебными и дачными земельными участками, землями населенных пунктов и…Закон · 23.03.2005 · № 57 · No longer in force