Гүлчө айылдык кеңешинин «Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму 2023-жылдын 8-июну № 18/1 Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо долбоорунун Алай районундагы эксперти Эркебаев Чубак Болотбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022-жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставы Гүлчө айылдык кеңешине учёттук каттоого алынсын.
2. Гүлчө айылдык аймагынын территориясы айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИАнын аткаруу комитетине Гүлчө айыдык аймагынын чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) аткаруу комитетинин иш аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү Гүлчө айыл аймагынын башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
Төрага:
Исмаилов К.Т.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.