Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия 2023-жылдын 30-майы № 4 Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин негизинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 31.03.2023-жылдагы чыг.01-19/1184-сандуу катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жамааттарынын уставы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жамааттарынын уставын ишке ашыруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага:
Н.Орозбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.