Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин «Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз X сессиясынын жыйыны 2023-жылдын 9-июну № 10/3 Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы ylaitalaa-aimak.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы С.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тиркеме 29 барак, 1 нускада
Төрага
А.Кадамбаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын (Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 10/3 токтомуна ылайык) уставыУстав · 09.06.2023 · № 10/3
- Указ Президента КР от 20 мая 2022 года УП № 157 "О национальной традиции"Указ · 20.05.2022 · № 157