Ала-Бука айылдык кеңешинин «Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 6-февралы № 19/5 Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
А. Умаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.