Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын «Дөбөлү айыл аймагынын «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309-токтому менен 50% мамлекетке өткөрүп берүүгө каршылыгы жөнүндө» токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2022-жылдын 6-декабры №21/2 Дөбөлү айыл аймагынын «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309-токтому менен 50% мамлекетке өткөрүп берүүгө каршылыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомун ишке ашыруу максатында Мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 17.05. №02-2-2/236 катынын негизинде, Дөбөлү айылдык Кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл тургундарына 1994-жылы Ленин колхоз дыйкан чарбага тараганда жан башына 033га үлүш жер алышкандыктан, үй бүлөөсүн, мал жандыктарын багууда жер аз болгондуктан, Дөбөлү айыл аймагынын «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун 167га, жеринен ижарага алып пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309-токтому менен «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерин 50% мамлекетке өткөрүп берүүгө Дөбөлү айылдык кенешинин депутаттар каршы экендиги билгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү органдарга билдирүү берүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
Тѳрага
С. Кадырбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.