Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин «Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-6
Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-ж. №4 “Салык Кодексинин аракетке киргизилиши жөнүндө” Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин 151 беренесинин ылайык, Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө маалыматты жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Б.Эркинбек у. маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын “Экономикалык пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент төмөнкүдөй такталсын:
-Майлуу-Суу шаары боюнча-1,2; -Көк-Таш жана Сары-Бээ аймактык башкармалыктары боюнча-1,0.
3. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин аткаруу максатында, 2023-жылдын 1-январынан тартып Майлуу-Суу шаарынын аймагына төмөнкүдөй жергиликтүү салыктар киргизилсин :
- имараттарга жана жайларга мүлк салыгы;
- турак эмес имаратка, курулушка жана жайга мүлк салыгы;
- жанындагы, короо-сарай жана багбанчылык жер участокторуна салык;
- айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы;
- калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы;
- транспорт каражаттарынын мүлкүнө салык
4. Ушул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Б.Эркинбек у. жүктөлсүн.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы:
Н. Бостонов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3