Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы 2022-жылдын 23-декабры № 12-4 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө” «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/543 20-сентябрь 2022-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесинин протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин 2022-жылдын 12-сентябрындагы №212 буйругу менен бекитилген Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет)
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүндө бекитилген Регламентке ылайык иш жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомго ылайык иш алып баруу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
Т. Джороев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 1 · related 0
Cited by (1)
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
References (1)
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4