Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Шайдан айылдык кеңешинин «Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө» токтому
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы 2021-жылдын 10-августу № 18 Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдардын тамак-ашына ата-энелер үчүн күнүнө 25 (жыйырма беш) сом акчалай нормасы белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттен “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январьдагы №7 сандуу токтомунун тиркемесине ылайык балдар бакчаларынын тамак-ашына каражат бөлүнсүн.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында дайыма балдар менен иштеген кызматкерлердин түшкү тамагы үчүн күнүнө 20 (жыйырма) сом акчалай нормасы белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:
А. Тешебаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2008 года № 7 "О денежных нормах питания в учреждениях социальной сферы"Постановление · 15.01.2008 · № 7