Каргалык айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы 2022-жылдын 30-июну № 36 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын маалыматын угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын негизинде “Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” иштеп чыккан Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул жобо боюнча иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:
Т.И.Токтоболотов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.