Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 2-апрели № 3/3 Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде ошондой эле “Жайыт жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. 2021-жылга карата жайыттарды пайдалангандыгы үчүн алынуучу алымдардын көлөмү №1 тиркемеге жана жайыт комитетинин иш планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп белгиленсин:
- Көчүп кетүү мөөнөтү жылкылар үчүн 2021-жылдын 20-апрелине чейин, кара мал жана майда жандыктар үчүн 1-майга чейин;
- Көчүп келүү мөөнөтү бардык малдар үчүн 1-октябрдан эрте эмес.
3. Жайыттарды туура пайдалануу, иретке келтирүү жана жакшыртуу жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. 2021-жылга карата техникалар боюнча тарифтери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Чүйткол участкасындагы мал суу ичүүчү жана жуут жеринин айланасына бак-дарак тигүүгө уруксат берүүгө макулдук берилсин.
6. Чөп чабуучу жайларды жана эгин талааларды майкандап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого көчуп кетүү жана көчүп келүү боюнча бекитилген тартибин сактабаса, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №58 сандуу (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген) 182-183-беренесинин негизинде келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде 27-берененин 4-котегориядагы айып пулу салынсын.
7. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Умаров А.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о нарушенияхКодекс · 13.04.2017 · № 58 · No longer in force