Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жылалды айылдык кеңешинин «2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө» токтому
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 12 2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, Ж.Баргыбаевдин, С.Боржуеванын 2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы, аткарылып жаткан иштери боюнча 09.08.2021-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2021-жылдын
8-айына карата, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарып жаткан иштери боюнча А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, Ж.Баргыбаевдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 7 · cited by 0 · related 0
References (7)
- Закон «О питьевой воде»Закон · 25.03.1999 · № 33
Showing 1 of 7. The full list is in the links panel.