Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жылалды айылдык кеңешинин «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө» токтому
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 11 Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө (2011-жылдын 8-августундагы №150, 2014-жылдын 30-майындагы №82, 2021-жылдын 23-мартындагы №38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мыйзамынын негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата бала бакча директорлорунун (К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.