Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Корул айылдык кеңешинин «Тогуз-Булак айылынын тургуну Байташов Эргешбайдын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-отуруму 2021-жылдын 23-марты № 47/10 Тогуз-Булак айылынын тургуну Байташов Эргешбайдын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну Байташов Эргешбайга көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын тургуну Байташов Эргешбайга Сай көпүрөсүнүн ылдый жагынан 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 0,04 га жер аянты чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы:
Т.Маназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · No longer in force