Майлуу-Суу шаардык кеңешинин «Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу “ Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” сметасындагы “ паспортист” адистигин, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын штаттык бирдигине муниципалдык кызматкер катары өткөрүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II-сессиясы 2021-жылдын 11-июну № 2-9-4 Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу “ Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” сметасындагы “ паспортист” адистигин, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын штаттык бирдигине муниципалдык кызматкер катары өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы №77-б буйругунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 19.04.2021-ж.чыг.№01-14/700 сандуу кайрылуу катын жана шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын II кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 19.04.2021-ж.чыг.№01-14/700 сандуу кайрылуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу “ Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” сметасындагы “ паспортист” адистигин, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын штаттык бирдигине муниципалдык кызматкер катары өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы И.Батыркуловко жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майлуу-Суу шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Киргизбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 31 марта 2021 года № 77-р "Об упразднении процедуры запроса от физических и юридических лиц справок и/или документов в…Распоряжение · 31.03.2021 · № 77-р
- Указ Президента КР от 8 февраля 2021 года УП № 27 "О дальнейших мерах по повышению доступности и качества предоставления государственных и муниципальных услуг населению"Указ · 08.02.2021 · № 27