Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
This document has been repealed
This document is marked as «Утратил силу» in the registry. Do not cite it in current documents without checking the current edition. The current edition is dated 2023-02-14.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (V чакырылыш) 2021-жылдын 27-октябры № 18 Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 21-октябрындагы Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун тиешелүү пунктундагы уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысын 15000 сомго түшүрүү маселесин карап берүүнү сураган №08-6/1543 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 100-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-абзацынын 13-пунктундагы “25000” деген цифра “17000” деген цифрага өзгөртулсүн.
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев);
- 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөт үчүн уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунаралары жайгашкан жер үчүн ижара акысы боюнча дебитордук карыздарды Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна ылайык жоюу;
- уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысын 17000 сомдон кем эмес өлчөмдө эсептөө 2021-жылдын 1-ноябрынан жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
С.Назылбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.