Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Айдаралиев айылдык кеңешинин «Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 944 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын чопо топурак алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө» токтому
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 03-декабры № 64 Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 944 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын чопо топурак алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө Айдаралиев айыл өкмөтүнө тиешелүү өндүрүшкө жана жашоочулардын курулуш иштеринде чопо топурак алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 944 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын топурак алуу үчүн которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2019-жылдын 5-июлундагы №02-6/9016 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып
Айдаралиев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнө тиешелүү жана жашоочулардын курулуш иштеринде чопо топурак алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 944 чөйрө сызыгындагы 0,10 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 Токтому менен бекиген “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобонун” негизинде (чопо топурак алуу үчүн карьерге) которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.
Төрайым:
А.Токтогулова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.