Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Айдаралиев айылдык кеңешинин «Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө» токтому
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 03-декабры № 61 Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 983 контурундагы 0,10 га, №1510 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 983 контурундагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19-ноябрындагыдагы №02-5/325 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып
Айдаралиев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 983 контурундагы 0,10 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 Токтому менен бекиген “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобонун” негизинде (кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн карьерге) которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.
Төрайым:
А.Токтогулова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.